# 351-статья. Кылмыш-жазык мыйзамын туура эмес колдонуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 351-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-351

---

(1) Колдонулууга тийиш болгон мыйзамдын сот тарабынан колдонулбашы; колдонулбай турган мыйзамдын колдонулушу; мыйзамды анын так маанисине карама-каршы келген түрдө туура эмес чечмелөө жазык мыйзамын туура эмес колдонуу деп табылат. (2) Жасалган ишке берилген юридикалык бааны туура эмес деп табуу менен апелляциялык инстанциядагы сот кылмыштын квалификациясын жазык мыйзамынын анча оор эмес кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган статьясына өзгөртүүгө укуктуу. (3) Апелляциялык инстанциядагы сот төмөндөгүдөй учурда гана, эгерде ушул негиздер боюнча айыптоочу, жабырлануучу, жеке айыптоочу же алардын өкүлдөрү тарабынан сунуш берилсе, бирок ал коюлган айыптын чектеринде болсо кыйла оор кылмыш жөнүндө мыйзамды колдонууга же кыйла катаал жаза белгилөөгө укуктуу. (4) Сотто айыпты оордотуучу жагдайлар белгилүү болгондо, сот өкүмдү жокко чыгарат жана ишти биринчи инстанциядагы сотко кайра кароо үчүн жиберет.

---

Мурунку берене: [350-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-350)  
Кийинки берене: [352-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-352)
