351-статья. Кылмыш-жазык мыйзамын туура эмес колдонуу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 39-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Колдонулууга тийиш болгон мыйзамдын сот тарабынан колдонулбашы; колдонулбай турган мыйзамдын колдонулушу; мыйзамды анын так маанисине карама-каршы келген түрдө туура эмес чечмелөө жазык мыйзамын туура эмес колдонуу деп табылат. (2) Жасалган ишке берилген юридикалык бааны туура эмес деп табуу менен апелляциялык инстанциядагы сот кылмыштын квалификациясын жазык мыйзамынын анча оор эмес кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган статьясына өзгөртүүгө укуктуу. (3) Апелляциялык инстанциядагы сот төмөндөгүдөй учурда гана, эгерде ушул негиздер боюнча айыптоочу, жабырлануучу, жеке айыптоочу же алардын өкүлдөрү тарабынан сунуш берилсе, бирок ал коюлган айыптын чектеринде болсо кыйла оор кылмыш жөнүндө мыйзамды колдонууга же кыйла катаал жаза белгилөөгө укуктуу. (4) Сотто айыпты оордотуучу жагдайлар белгилүү болгондо, сот өкүмдү жокко чыгарат жана ишти биринчи инстанциядагы сотко кайра кароо үчүн жиберет.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
351-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-351" title="351-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>