# 348-статья. Апелляциялык инстанция тарабынан кабыл алынуучу чечимдердин түрлөрү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2006 года № 157 "О внесении изменения и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1946)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2006 [Закон КР от 8 августа 2006 года № 157 "О внесении изменения и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1946); 16.10.2002 [Закон КР от 16 октября 2002 года № 141 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1098)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920592..920593>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-348>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-348.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 348-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-348

---

(1) Апелляциялык инстанция ишти кароонун натыйжалары боюнча төмөндөгү чечимдердин бирин:

1) биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн инстанциядагы соттун өкүмүн өзгөртүлүүсүз калтыруу, ал эми апелляциялык даттанууну же сунушту канааттандырбоо жөнүндө өкүм;

2) биринчи инстанциядагы соттун айыптоо өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө өкүм жана жактоочу өкүм жөнүндө токтом, болбосо ишти кыскартуу жөнүндө аныктама;

3) биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн өзгөртүү жөнүндө өкүмүн;

4) биринчи инстанциядагы соттун актоо өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө жана айыптоо өкүмүнүн токтому тууралу аныктама;

5) ушул Кодекстин 345-347-статьяларын жетекчиликке алып, жазык ишин кыскартуу жана ишти апелляциялык инстанцияда кароо жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралу аныктама.

6) даттанылган сот актысын алып салуу жөнүндө жана ишти биринчи инстанциядагы сотко кайрадан карап чыгууга жөнөтүү тууралу, болбосо сотто жоюлбай турган тергөөнүн өксүктөрүн толтуруу үчүн ишти прокурорго кайра кайтаруу жөнүндө аныктама чыгарат.

(2) Апелляциялык инстанция ишти кароонун натыйжалары боюнча жеке даттануулар жана прокурордун жеке сунушу боюнча аныктама чыгарат. (КР 2002-жылдын 16-октябрындагы № 141, 2006-жылдын 8-августундагы № 157, 2008-жылдын 18-июлундагы № 144, Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [347-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-347)  
Кийинки берене: [349-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-349)
