# 345-статья. Алелляциялык инстанциядагы соттук териштирүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 345-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-345

---

(1) Апелляциялык инстанциядагы соттук териштирүү баяндама жасаган судья тарабынан өкүмдүн мазмунун, ошондой эле берилген апелляциялык даттануулардын, сунуштардын жана аларга каршы пикирлердин маңызын баяндоодон башталат. (2) Баяндама жасаган судьянын баяндамасынан кийин, сот тараптардын даттанууда, сунушта же аларга каршы пикирлерде келтирилген өз тыянактарын негиздеген сөздөрүн угат. Бир тарап апелляциялык соттун заседаниесине келбеген учурда ал тарабынан берилген даттануу, сунуш, даттанууга же сунушка карата жазуу жүзүндөгү каршы пикирлер окулуп берилет. (3) Сот тараптардын сөздөрүн уккандан кийин соттолгон адамдын, сотко чакырылган күбөлөрдүн, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрүн угуу аркылуу далилдерди текшерүүгө, ошондой эле тараптардын өтүнүчү боюнча да, ошондой эле өзүнүн жеке демилгеси боюнча да иштин документтерин, протоколдорун жана башка материалдарын окуп берүүгө өтөт. Далилдерди иликтөөнүн тартиби тараптардын пикирин эске алуу менен сот тарабынан белгиленет. (4) Биринчи инстанциядагы сотто суракка алынган күбөлөр, эгерде аларды чакырууну тараптардын өтүнүчү же өзүнүн жеке демилгеси боюнча сот зарыл деп тапса, алар апелляциялык инстанциядагы сотто суракка алынат. (5) Тараптар жаңы күбөлөрдү суракка алуу жөнүндө, заттык далилдерди жана документтерди ишке кошуу, соттук экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Берилген өтүнүчтөрдү чечүү ушул Кодекстин 284-статьясынын эрежелери боюнча жүргүзүлөт, мында апелляциялык инстанциядагы сот өтүнүч биринчи инстанциядагы сот тарабынан канааттандырылбаган деген негизде өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга укуксуз. (6) Чечим кабыл алынганда апелляциялык инстанция өзүнүн чечимин негиздөө үчүн соттун апелляциялык заседаниесине чакырылбаган, бирок биринчи инстанциядагы сотто суракка алынган адамдардын соттогу айтылган көрсөтмөлөрүнө шилтеме жасоого укуктуу. Эгерде бул көрсөтмөлөр тараптардын талашын пайда кылса, анда көрсөтмө берген адамдар суракка алынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [344-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-344)  
Кийинки берене: [346-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-346)
