# 344-статья. Алелляциялык инстанциядагы өндүрүштүн тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-344>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-344.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 344-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-344

---

(1) Апелляциялык инстанциядагы өндүрүш биринчи инстанциядагы сот ишин жүргүзүү эрежелери боюнча, ошондой эле ушул главада баяндалган жоболорго ылайык жүргүзүлөт. (2) Ишти кароонун убактысы жөнүндө тараптарга кабарланат. Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө даттануу бербеген адамдардын келбей калышы ишти кароого жана чечим чыгарууга тоскоолдук кылбайт. (3) Сот заседаниесине:

1) прокурордун;

2) даттануу берген жеке айыптоочунун;

3) даттануу берген соттолгон адамдын, болбосо жактоочу же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан соттолгон адамдын таламдарын коргоп берилген соттолгон адамдын, болбосо өзүнө карата прокурор тарабынан сунуш же жабырлануучу тарабынан даттануу берилген соттолгон адамдын катышуусу милдеттүү болот.

(4) Сот заседаниесинин иштөө тартиби жана тартип бузуучуларга карата көрүлүүчү чаралар ушул Кодекстин 269, 271-статьяларында каралган эрежелер менен аныкталат. (5) Апелляциялык инстанция ушул Кодекстин 255-статьясында көрсөтүлгөндөн башка учурларда, ишти ачык сот заседаниесинде карайт.

---

Мурунку берене: [343-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-343)  
Кийинки берене: [345-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-345)
