343-статья. Апелляциялык инстанциядагы соттун заседаниесин белгилөө
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 39-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Иш апелляциялык даттануу же сунуш менен келип түшкөндө соттун төрагасы же анын орун басары соттук курамды белгилейт жана мында иш боюнча төрагалык кылуучуну аныктайт. (2) Иштин апелляциялык тартипте кароого дайындалышына байланыштуу маселелерди чечүүдө төрагалык кылуучу ушул Кодексте каралган жалпы эрежелерди жетекчиликке алат. (3) Сот заседаниесин белгилөөдө төрагалык кылуучу тарабынан токтом чыгарылып, анда иш боюнча баяндама жасай турган судья, ошондой эле сот заседаниесине чакырылган адамдар көрсөтүлөт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
343-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-343" title="343-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>