# 34-1-статья. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин ыйгарым укуктары

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-34-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 34-1-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-34-1

---

(1) Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери жашы жетелек шектүү (айыпкер) кармалган учурдан тартып ишке катышат. (2) Ишке катыша баштаган учурдан тартып балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жашы жетелек шектүүнүн (айыпкердин) пайдасына күбөлөндүрүүчү материалдарды чогултууга;

2) жашы жетелек шектүүнү (айыпкерди), соттолгонду реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планын берүүгө;

3) кылмыш иши боюнча өндүрүштүн бардык стадияларына катышууга;

4) иштин материалдары менен таанышууга, алгачкы тергөө кызматкеринин, тергөөчүнүн, прокурордун, жаза аткаруу мекемесинин чечимдерине, аракеттерине, аракетсиздигине даттанууга жана аларды кароого катышууга.

(3) Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан чогултулган материалдар анын өтүнүчү боюнча ишке кошо тиркелет. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114, Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-34)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-35)
