# 339-статья. Биринчи инстанциядагы соттун аныктамасына (токтомуна) даттануу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2017 года № 22 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111525)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.02.2017 [Закон КР от 10 февраля 2017 года № 22 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111525); 07.08.2015 [Закон КР от 7 августа 2015 года № 222 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111266)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920650..920651>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-339>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-339.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 339-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-339

---

(1) Биринчи инстанциядагы соттун токтомдоруна ушул Кодекстин 332-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар жекече даттануу же жекече сунуштама бере алат. (2) Ушул статьянын 21 бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттук чечимдерди кошпогондо, далилдерди иликтөө тартиби жөнүндө, баш тартуулар жөнүндө, процесстин катышуучуларынын өтүнүчтөрүн канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган сот жыйналышынын залында тартипти сактоо жөнүндө токтомдор иш боюнча биротоло чечимге даттануу менен бир эле учурда апелляциялык тартипте даттанылат. (21) Биротоло соттук чечим чыгарылганга чейин биринчи инстанциядагы соттун жекече айыптоо иштери боюнча арызды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө, бөгөт коюу чарасын тандоо, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө, ишти соттуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө же иштин соттуулугун өзгөртүү жөнүндө токтомдору кассациялык тартипте жана көзөмөл тартибинде даттанууга жатат. (3) Биринчи инстанциядагы соттун токтомуна, аныктамасына жекече даттануу жана сунуш даттанылып жаткан чечим чыгарылган күндөн тартып, он сутканын ичинде берилет жана ушул Кодекстин 345-статьясында каралган эрежелер боюнча каралат. Кароонун натыйжалары боюнча даттанууну же сунушту канааттандырбай калтыруу жөнүндө же даттанылып жаткан чечимди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө аныктама чыгарылат. (4) Эгерде токтом алардын кызыкчылыктарына тийиштүү болсо, судьянын токтомуна, ошол иште тараптар болбогон адамдар да даттанууга укуктуу болушат. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-декабрындагы N 60-р чечими

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 24-июлундагы № 155, 2015-жылдын 7-августундагы № 222, 2017-жылдын 10-февралындагы № 22 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [338-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-338)  
Кийинки берене: [340-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-340)
