# 337-статья. Берилген даттануулар жана сунуштар жөнүндө кабарлоо

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-337>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-337.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 337-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-337

---

(1) Өкүм чыгарган сот даттануу же сунуш берилгендиги жөнүндө соттолгон же акталган адамга, жактоочуга, айыптоочуга, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө, ошондой эле, эгерде даттануу же көрсөтүү алардын кызыкчылыгына тийиштүү болсо жарандык доогерге, жарандык жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө кабарлайт жана алар даттануу же сунуш менен таанышууга жана даттанууга же көрсөтүүгө жазуу жүзүндө каршылык билдирүүгө укуктуу экендиктерин түшүндүрөт. Алардын өтүнүчү боюнча сот аларга башка тарап берген даттануунун же сунуштун көчүрмөсүн берет. (2) Даттанууга же сунушка карата келип түшкөн каршылык билдирүүлөр ишке тиркелет. (3) Тараптар даттануунун же сунуштун негиздерин же экинчи тараптын даттануусуна же сунушуна каршылыктарын ырастап, сотко жаңы материалдарды берүүгө укуктуу болушат.

---

Мурунку берене: [336-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-336)  
Кийинки берене: [338-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-338)
