# 336-статья. Даттануу же сунуш берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-336>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-336.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 336-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-336

---

(1) Даттануу же сунуш берүүнүн мөөнөтү жүйөлүү себептен улам өткөрүлүп жиберилген учурда даттануу же сунуш берүүгө укуктуу адамдар өкүм чыгарган сотко өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч билдире алышат. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүч сот заседаниесинде ишти соттук териштирүүдө төрагалык кылган судья тарабынан каралат, ал түшүндүрмөлөр берүү үчүн өтүнүч билдирген адамды чакыртууга укуктуу. (2) Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндөгү судьянын токтому жогору турган, өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүгө жана даттануу же сунуш боюнча ишти кароого укуктуу болгон сотко даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [335-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-335)  
Кийинки берене: [337-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-337)
