# 331-статья. Ишти сот заседаниесинде териштирүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-331.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 331-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331

---

(1) Жекече айыптоо иши боюнча арызды кароо карыш берилген арызды кароо менен бир өндүрүшкө бириктирилиши мүмкүн. Бириктирүүгө соттук териштирүүгө чейин судьянын токтому боюнча жол берилет. Арыздарды бир өндүрүшкө бириктирүүдө арыз берген адамдар процесске бир эле убакта жекече айыптоочу жана соттолуучу катары катышышат. Каршы даттануу түшкөндүгүнө жана каршы арыз берилген адамдын өтүнүчү боюнча өндүрүштөр бириктирилгендигине байланыштуу актанууга даярдануу үчүн иш үч суткадан ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Бул адамдарды, алардын өздөрүнүн даттанууларында баяндалган жагдайлар жөнүндө суракка алуу жабырлануучуну суракка алуу эрежелери боюнча, ал эми каршы берилген даттанууларда баяндалган жагдайлар жөнүндө - соттолуучуну суракка алуу эрежелери боюнча жүргүзүлөт. (2) Жекече айыптоо иштери боюнча сот заседаниесинде айыптоону жекече айыптоочу же анын өкүлү жактайт. (3) Жекече айыптоо иштери боюнча соттук териштирүү арыз берген адам же анын өкүлү тарабынан арызды баяндап берүү менен башталат. (4) Жекече айыптоочунун же анын өкүлүнүн сот заседаниесине жүйөлүү себептерсиз келбей коюушу, берилген арыздан баш тартууну билдирет жана иш боюнча өндүрүштү токтотууга алып келет. 37-1-глава Сот арачыларынын катышуусу менен сотто иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү

---

Мурунку берене: [330-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-330)  
Кийинки берене: [331-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-1)
