# 331-9-статья. Сот арачылыкка талапкерликтен жүйөсүз баш тартуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 331-9-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-9

---

(1) Сот арачылыкка талапкерлердин саны он сегиз жана андан ашыкты түзсө, ушул Кодекстин 331-8-статьясына ылайык билдирилген баш тартуулар канааттандырылгандан кийин төрагалык кылуучу тараптарга жүйөсүз баш тартууну билдирүүнү сунуш кылат. (2) Жүйөсүз баш тартуу тараптардын жүйөсүз баш тартууга жаткан сот арачылыкка талапкерлердин тизмесин берүү аркылуу жүргүзүлөт. Тизмеге прокурор жана (же) жапа чегүүчү, соттолуучу жана (же) коргоочу жеке өзү кол коюуга тийиш. Сот арачылыкка талапкерлерди жүйөсүз баш тартууну биринчи прокурор жүзөгө ашырат, андан кийин алар берген тизме төрагалык кылуучуга жана коргоочулар тарабына көрсөтүлөт. Ар бир тарапка сот арачылыкка талапкерлердин бирдей санын, бирок сот арачылыкка экиден кем эмес талапкерди коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Жүйөсүз баш тартуу жөнүндө маселе тийиштүү түрдө прокурор жана жапа чегүүчүнүн жана соттолуучу менен коргочуунун ортосунда макулдашылат. Соттолуучу өзүнүн коргоочусуна сот арачылыкка талапкерден баш тартуу укугун жүзөгө ашырууну тапшырууга укуктуу. (3) Эгерде бир нече соттолуучулар болсо жана алардын ортосунда жүйөсүз баш тартууну бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу жок болсо, анда алардын саны чучукулак өткөрүү, ар бир соттолуучуга бирден билетти урнага салуу жолу менен соттолуучулардын ортосунда бөлүштүрүлөт, бардык билеттер алынып бүткөндө жол-жоболор кайталанат. Соттолуучу анын фамилиясы бар билетти төрагалык кылуучу канча жолу урнадан алып чыкса, ошончо сот арачылыкка талапкерден баш тартууга укуктуу. (4) Прокурор, соттолуучу жана анын коргоочусу төрагалык кылуучу аркылуу сот арачылыкка талапкердин кимдир-бирөө өздөрүн тааныштырышын өтүнүүгө укуктуу. (5) Соттолуучулардын кимдир-бирөөнүн сот арачылыкка талапкерлерден жүйөсүз баш тартуу укугунан баш тартышы сот арачылыкка талапкерлердин санын бөлүп коюу боюнча башка соттолуучулардын укуктарын чектөөгө алып келбейт. (6) Эгерде бөлүп коюлбаган сот арачылыкка талапкерлердин саны төрагалык кылуучу тарабынан аныкталган сот арачылардын санынан ашса, анда төрагалык кылуучунун көрсөтмөсү боюнча сот заседаниесинин протоколуна төрагалык кылуучу тарабынан аныкталган, талапкерлердин тизмесинде биринчи бараткан сот арачыларынын саны киргизилет. (7) Тараптар жүйөсүз баш тарткан сот арачылыкка талапкерлердин тизмеси жазык ишинин материалдарына тиркелет.

---

Мурунку берене: [331-8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-8)  
Кийинки берене: [331-10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-10)
