# 331-8-статья. Сот арачылыкка талапкерлерден баш тартуу жөнүндө маселени чечүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 331-8-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-8

---

(1) Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамынан сот арачысына ар бир талапкерге тараптар ушул Кодекстин 72-статьясында каралган тартипте жана төмөнкүдөй учурларда баш тартуу билдирүүгө тийиш:

1) эгер сот арачылыкка талапкер ушул иш боюнча жапа чегүүчү, жарандык доогер, жарандык жоопкер болуп саналса, күбө катары чакырылса же болбосо чакырылышы мүмкүн болсо;

2) эгер сот арачылыкка талапкер ошол жазык иши боюнча өндүрүшкө эксперт, адис, котормочу, калыс күбө, сот заседаниесинин катчысы, тергөөчү, прокурор, коргоочу, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлү, жапа чегүүчүнүн өкүлү, жарандык доогер же жарандык жоопкер болсо;

3) сот арачылыкка талапкер жапа чегүүчүнүн, жарандык доогердин, жарандык жоопкердин же алардын өкүлдөрүнүн, айыпталуучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн, прокурордун, коргоочунун, тергөөчүнүн тууганы болуп саналса;

4) сот арачылыкка талапкер ушул иштин натыйжасына жеке, тикелей же кыйыр таламдаш, ошондой эле башка себептер боюнча калыс боло албайт деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болгондо.

(2) Тараптар төрагалык кылуучуга баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жүйөлүү өтүнүчтү жарыя кылбастан берет. Тараптардын өтүнүчтөрүн канааттандыруу сот арачылыкка талапкерлерди алдын ала курамдан чыгарып салууга алып келет. Мында төрагалык кылуучу өз чечимин тараптарга жеткирет. (КР 2012-жылдын 8-майындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [331-7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-7)  
Кийинки берене: [331-9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-9)
