# 331-5-статья. Сот арачылыкка талапкерлердин алдын ала курамын түзүүнүн тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 331-5-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-5

---

(1) Сот арачылардын катышуусу менен угууга жазык ишин дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган күнү соттун администратору төрагалык кылуучунун буйругу боюнча, кокусунан тандап алуу жолу менен, мамлекеттик айыптоочунун жана соттолуучунун коргоочусунун катышуусунда саны элүүдөн кем эмес сот арачыларынын коллегиясына талапкерлердин алдын ала курамын түзөт. (2) Жазык иштерин коргоого катышуу үчүн сот арачылыкка талапкерлерди тандоону аяктоо боюнча фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен сот арачылыкка талапкерлердин алдын ала курамы жөнүндө тизме түзүлөт, ага сот администратору жана тараптар кол коет. Сот арачылыкка талапкерлердин фамилиялары тизмеге кокусунан тандап алуу кандай өтсө, ошол тартипте киргизилет. Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамы маалыматтык автоматташтырылган системанын жардамы менен сот арачылыкка талапкерлердин ар жылдык акыркы тизмесинен түзүлөт. (3) Сот арачыларынын коллегиясын түзө баштоо үчүн сот заседаниесине келген сот арачысына отуз беш талапкердин болушу жетиштүү. (4) Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына киргизилген сот арачылыкка талапкерлерге сот заседаниеси башталганга чейин жети суткадан кечиктирбестен сот арачыларынын коллегиясын түзүү үчүн сот арачылардын эскерткичи жана анкетасы, ошондой эле сот заседаниесине келүүнүн күнү жана убактысы көрсөтүлгөн билдирме тапшырылат.

---

Мурунку берене: [331-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-4)  
Кийинки берене: [331-6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-6)
