# 331-4-статья. Алдын ала угуулардын натыйжалары боюнча чыгарылган чечимдердин түрлөрү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 331-4-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-4

---

(1) Алдын ала угуулардын натыйжалары боюнча судья токтом формасында чыгарылган төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) сот тарабынан сот арачыларынын катышуусу менен угууларга жазык ишин дайындоо жөнүндө;

2) ушул Кодекстин 34-главасында каралган эрежелер боюнча андан ары кароо үчүн биринчи инстанциядагы тийиштүү сотко жазык ишин жөнөтүү жөнүндө.

(2) Судья сот тарабынан сот арачыларынын катышуусу менен жазык ишин угууга дайындоо жөнүндө токтомдо:

1) сот арачыларынын коллегиясын түзүү үчүн сотко чакырылууга тийиш болгон сот арачылыкка талапкерлердин санын аныктайт, ал элүүдөн кем болбоого тийиш;

2) сот арачыларынын коллегиясын түзүү үчүн сот заседаниесин өткөрүүнүн датасын аныктайт.

(3) Сот арачыларынын катышуусу менен сотто угууга жазык ишин дайындоо менен бир учурда тараптардын пикирин эске алуу менен алдын ала угуулардын натыйжалары боюнча ушул Кодекстин 81-статьясына ылайык далил катары жол берилгис болгон иш жүзүндөгү маалыматтарды ишти териштирүүдөн жокко чыгаруу жөнүндө маселени карайт. (4) Сот арачыларынын катышуусу менен сот тарабынан угууга жазык ишин дайындоо жөнүндө судьянын токтому биротоло болуп саналат. Соттолуучунун ишти сот тарабынан сот арачыларынын катышуусу менен кароодон баш тартышынын себеби боюнча кийин токтом кайра каралууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [331-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-3)  
Кийинки берене: [331-5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-5)
