# 331-34-статья. Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктине негизделген соттун өкүмүн жокко чыгарууга же өзгөртүүгө негиздер

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 331-34-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-34

---

(1) Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктине негизделген актоочу өкүмдү жокко чыгаруу же өзгөртүү үчүн негиз болуп ушул Кодекстин 352-статьясынын 3-бөлүгүндө каралган ченемдерди одоно бузуулар гана эсептелет. (2) Актоочу өкүм ушул Кодекстин 41-1-главасында белгиленген негиздер боюнча жана тартипте жокко чыгарылышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн. (3) Сот арачыларынын вердиктинин негизинде токтом кылынган жана ага карама-каршы келген соттун өкүмү жазык ишин ошол эле сотко жаңыдан карап чыгууга өткөрүп берүү менен жокко чыгарылууга жатат. Бул учурда жазык ишин жаңыдан кароо сот арачылары кийинки вердикти кабыл алган учурдан тартып башталат. (4) Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктинин негизинде чыгарылган өкүм, эгер алар жокко чыгарууга каршы турса, соттолуучунун же акталуучунун укуктарын олуттуу бузуу жүйөсү боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [331-33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-33)  
Кийинки берене: [332-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-332)
