# 331-3-статья. Алдын ала угууларды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 331-3-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-3

---

(1) Алдын ала угуу судья тарабынан тараптардын катышуусу менен сот заседаниесинде жекече өткөрүлөт. Тараптар алдын ала угууларды өткөрүү күнү жөнүндө үч суткадан кечиктирбестен кабардар кылынат. Алдын ала угууларга талаптагыдай маалымдар кылынган жапа чегүүчүнүн, анын коргоочусунун келбей калышы алдын ала угууларды өткөрүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. (2) Алдын ала угууларды ачуу менен судья кайсы иш карала тургандыгын жарыялайт, катышуучуларга өзүн тааныштырат, мамлекеттик айыптоочу, коргоочу, катчы ким экендигин билдирет, соттолуучунун ким экендигин тастыктайт, берилген баш тартууларды чечет. Мамлекеттик айыптоочу айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтомдун корутунду бөлүгүн жарыя кылат. Судья соттолуучуга айып түшүнүктүү экендигин тактайт, зарыл болгон учурда ага айыптын маңызын түшүндүрөт жана андан анын ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароо жөнүндө өтүнүчүн ырастай тургандыгын сурайт. (3) Эгерде соттолуучу анын ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароо жөнүндөгү өтүнүчүн ырастаса, анда судья ал өтүнүчтү канааттандыруу жөнүндө жарыялайт жана мамлекеттик айыптоочунун, жапа чегүүчүнүн, соттолуучунун, алардын коргоочуларынын өтүнүчтөрүн, ошондой эле мурдатан билдирилген башка өтүнүчтөрдү кароого өтөт. Судья тараптардын пикирлерин угуу менен өтүнүчтөрдү чечет. Айыптоо жана коргоо тарабынын өтүнүчтөрү судьялардын аларды кароосу үчүн милдеттүү болуп саналат. (4) Алдын ала угуу зарыл болгон учурда далил катары алардын жеткиликтүүлүгүн текшерүү үчүн ишке тиркелген документтер, ошондой эле башка далилдер жарыя кылынышы мүмкүн. (5) Эгерде соттолуучу анын ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароо жөнүндөгү өз өтүнүчүн ырастабаса, судья алдын ала угуу аяктады деп жарыялайт жана ишти ушул Кодекстин 34-главасында каралган эрежелер боюнча андан ары кароо үчүн биринчи инстанциядагы тийиштүү сотко жөнөтөт.

---

Мурунку берене: [331-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-2)  
Кийинки берене: [331-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-4)
