331-29-статья. Вердикттин милдеттүүлүгү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктти төрагалык кылуучу үчүн милдеттүү жана ал актоочу же айыптоочу өкүмдүн токтомунун чыгарылышына алып келет. (2) Сот арачылары айыптоочу вердикт кабыл алган учурда төрагалык кылуучу соттолуучунун жосунун ушул вердиктке, ошондой эле вердиктти кабыл алууда сот арачылары тарабынан каралууга жатпаган жана юридикалык баа берүүнү талап кылуучу соттук тергөөнүн жүрүшүндө белгиленген жагдайларга ылайык квалификациялайт. (3) Эгерде сот арачыларынын коллегиясы соттолуучу кечирип коюуга татыктуу деп тапса, анда төрагалык кылуучунун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү статьясы менен белгиленген жазалоонун максимум өлчөмүнүн үчтөн экисинен жогору жаза дайындоого укугу жок. (4) Эгерде төрагалык кылуучу күнөөсүзгө карата айыптоочу вердикт чыгарылганын, соттолуучу вердикт менен күнөөлүү деп табылган жосунда кылмыштын курамы жоктугун жана актоочу өкүмгө токтом кылууга жетиштүү негиздер бар экенин тааныса, анда ал сот арачыларынын коллегиясын таркатуу жана алдын ала угуу стадиясынан тартып жазык ишин соттун башка курамында жаңыдан кароого жөнөтүү жөнүндө токтом чыгарат. Бул токтом даттанууга жатпайт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-29" title="331-29-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>