# 331-27-статья. Төрагалык кылуучунун вердикт жарыя кылынгандан кийинки иш аракети

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 331-27-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-27

---

(1) Сот арачыларынын коллегиясы соттолуучунун күнөөсү жок экендиги жөнүндө вердикт кабыл алганда төрагалык кылуучу аны акталды деп жарыялайт. Мында кайтарууда турган соттолуучу сот заседаниесинин залынан токтоосуз бошотулат. (2) Вердикт жарыялангандан кийин төрагалык кылуучу сот арачыларга ыраазычылык билдирет жана алардын соттук териштирүүгө катышуусу аяктаганы тууралу жарыялайт. (3) Вердикттин кийинки натыйжалары сот арачыларынын катышуусуз талкууланат. Сот арачылары жазык ишин кароо аяктаганга чейин сот заседаниесинин залындагы жалпы эл үчүн бөлүнүп коюлган орундарда калууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [331-26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-26)  
Кийинки берене: [331-28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-28)
