# 331-20-статья. Сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолордун мазмуну

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 331-20-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-20

---

(1) Соттолуучу жасады деп айыпталып жаткан ар бир жосун боюнча үч негизги суроо берилет:

1) жосун орун алгандыгы далилдендиби;

2) ошол жосунду соттолуучу жасагандыгы далилдендиби;

3) ошол жосунду жасоого соттолуучу күнөөлүүбү.

(2) Суроо баракчасында ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн негизги үч суроо бир суроого бириктирилиши мүмкүн. (3) Суроо баракчасында эгер муну менен соттолуучунун абалы начарлабаса жана анын коргонуу укугу бузулбаса, сот арачыларынын соттолуучунун анча оор эмес кылмыш жасагандыгынын күнөөсүн таанышына багытталган жеке суроолорго да жол берилет. Айыптоо кызыкчылыгында да жеке суроолорго жол берилет. (4) Соттолуучу кылмыш жасагандыгынын күнөөсү таанылган учурда сот арачылардын алдына ал анын күнөөсүн жеңилдетүүгө арзыйбы деген суроо коюлат. (5) Суроолордун түзүлүшү мамлекеттик айыптоочу ага айып койбогон же суроо берилген учурга карата айыптоону колдобогон жосунду жасагандыгына соттолуучунун күнөөсүн таанууга кандайдыр бир жоопко жол берүүгө тийиш эмес. (6) Бир нече соттолуучулар айыпталып жаткан жазык иши боюнча сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолор ар бир соттолуучуга карата өзүнчө берилет. (7) Суроолор сот арачыларына түшүнүктүү болгондой коюлат.

---

Мурунку берене: [331-19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-19)  
Кийинки берене: [331-21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-21)
