# 331-19-статья. Сот арачылары тарабынан чечилүүгө тийиш суроолордун коюлушу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 331-19-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-19

---

(1) Соттолуучу акыркы сөз сүйлөгөндөн кийин сот арачыларына чечүү үчүн бериле турган суроолорду түзүү үчүн зарыл болгон убакытка сот арачылары сот заседаниесинин залынан чыгып кетишет. (2) Төрагалык кылуучу соттук териштирүүнүн, тараптардын жарыш сөздөрүнүн натыйжаларын эске алуу менен сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолорду жазуу жүзүндө түзөт, аларды жарыя кылат жана тараптарга берет. (3) Тараптар суроолордун мазмуну жана баяндалышы боюнча өз пикирлерин билдирүүгө жана сунуш киргизүүгө укуктуу. (4) Тараптардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен төрагалык кылуучу сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолорду биротоло түзөт, аларды суроо баракчаларына киргизет жана ага кол коет. (5) Суроо баракчасынын мазмуну сот арачыларынын катышуусу менен жарыя кылынат жана суроо баракчасы сот арачылардын улугуна берилет. (6) Кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетүүнүн алдында сот арачылары төрагалык кылуучудан коюлган суроолорго байланыштуу аларда пайда болгон так эместиктер боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга, мында бул суроолорго мүмкүн болуучу жооптордун маңызына жана алардын укуктук жагына токтолбоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [331-18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-18)  
Кийинки берене: [331-20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-20)
