331-19-статья. Сот арачылары тарабынан чечилүүгө тийиш суроолордун коюлушу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Соттолуучу акыркы сөз сүйлөгөндөн кийин сот арачыларына чечүү үчүн бериле турган суроолорду түзүү үчүн зарыл болгон убакытка сот арачылары сот заседаниесинин залынан чыгып кетишет. (2) Төрагалык кылуучу соттук териштирүүнүн, тараптардын жарыш сөздөрүнүн натыйжаларын эске алуу менен сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолорду жазуу жүзүндө түзөт, аларды жарыя кылат жана тараптарга берет. (3) Тараптар суроолордун мазмуну жана баяндалышы боюнча өз пикирлерин билдирүүгө жана сунуш киргизүүгө укуктуу. (4) Тараптардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен төрагалык кылуучу сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолорду биротоло түзөт, аларды суроо баракчаларына киргизет жана ага кол коет. (5) Суроо баракчасынын мазмуну сот арачыларынын катышуусу менен жарыя кылынат жана суроо баракчасы сот арачылардын улугуна берилет. (6) Кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетүүнүн алдында сот арачылары төрагалык кылуучудан коюлган суроолорго байланыштуу аларда пайда болгон так эместиктер боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга, мында бул суроолорго мүмкүн болуучу жооптордун маңызына жана алардын укуктук жагына токтолбоого укуктуу.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-19" title="331-19-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>