# 331-14-статья. Соттук териштирүүгө сот арачыларынын катышуусунун жалпы шарттары

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 331-14-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-14

---

(1) Сот арачыларынын орундары сот заседаниесинин залында катышып отургандардан бөлүнүп жана, эреже катары, соттолуучулардын отургучунун каршысынан орун алууга тийиш. Сот арачыларынын запастагы курамы төрагалык кылуучу алар үчүн атайын бөлгөн сот арачыларынын отургучтарынан орун алат. (2) Сот арачыларынын кимдир-бирөөнүн сот заседаниесине катышуу мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда запастагы курамдын сот арачылары вердикт чыгарылганга чейин сот арачыларынын негизги курамына киргизилиши мүмкүн. Чыгып калган сот арачыларын запастагылар менен алмаштыруу жазык иши боюнча сот арачыларынын коллегиясын түзүүдөгү тизмеде көрсөтүлгөн ырааттуулукта жүргүзүлөт. Эгерде чыгып калган сот арачыларды запастагылар менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жок калган учурда төрагалык кылуучу болуп өткөн соттук териштирүүнү анык эмес деп жарыялайт жана соттук териштирүүнү ушул Кодекстин 331-5-статьясына ылайык сот арачылыкка талапкерлерди алдын ала тандоо этабына кайра кайтарат. (3) Эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачыларынын улугу чыгып калса, аны алмаштыруу ушул Кодекстин 331-12-статьясынын 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте кайталап шайлоо жолу менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [331-13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-13)  
Кийинки берене: [331-15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-15)
