# 331-13-статья. Сот арачыларынын ант бериши

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 331-13-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-13

---

(1) Төрагалык кылуучу сот арачыларына ант берүү сунушу менен кайрылат жана төмөнкүдөй мазмундагы текстти окуп берет: "Сот арачысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып өз милдеттеримди адилет, ак ниет жана калыс аткарууга, сотто каралган соттолуучуну каралаган, ошондой эле аны актаган бардык далилдерди, жүйөлөрдү, иштин жагдайларын көңүлгө алууга, ишти күнөөлүүнү актабастан жана күнөөсүздү айыптабастан өзүмдүн ички ынанымдарым жана абийирим боюнча чечүүгө ант беремин." (2) Ант жарыя кылынгандан кийин төрагалык кылуучу сот арачыларынын, анын ичинде жана запастагылардын фамилияларын атайт, алардын ар бири: "Ант беремин" деп жооп берет. (3) Сот арачыларынын ант бергендиги жөнүндө сот заседаниесинин протоколуна жазуу жазылат. (4) Ант берилгенден кийин төрагалык кылуучу сот арачыларына ушул Кодекстин 32-2-статьясында каралган алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берет жана соттук териштирүүгө киришет.

---

Мурунку берене: [331-12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-12)  
Кийинки берене: [331-14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-14)
