# 331-12-статья. Сот арачыларынын улугу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 331-12-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-12

---

(1) Сот арачыларынын коллегиясын түзүү аяктагандан кийин төрагалык кылуучу негизги курамдагы сот арачыларына улукту шайлоо үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгууну сунуш кылат. Улук негизги курамдагы сот арачыларынын ичинен көпчүлүк добуш менен ачык добуш берүү аркылуу шайланат. (2) Сот арачылары сот заседаниесинин залына кайтып келгенден кийин улук төрагалык кылуучуга жана тараптарга ал сот арачыларынын чечими менен шайлангандыгын билдирет. (3) Сот арачыларынын улугу сот арачыларынын кеңешмесинин жүрүшүнө жетекчилик кылат, алардын тапшыруусу боюнча төрагалык кылуучуга суроо жана өтүнүч менен кайрылат, сот берген суроолорду жарыя кылат, аларга жоопторду жазып алат, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат, вердиктти жол-жоболоштурат жана төрагалык кылуучунун көрсөтмөсү боюнча аны сот заседаниесинде жарыя кылат. (4) Сот арачыларынын улугу шайлангандан кийин төрагалык кылуучу сот арачыларынын коллегиясын сот арачыларынын отургучунан аларга бөлүнгөн орунду ээлөөнү сунуш кылат.

---

Мурунку берене: [331-11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-11)  
Кийинки берене: [331-13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-13)
