# 331-10-статья. Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына кошумча тандоонун тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 331-10-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-10

---

(1) Ушул Кодекстин 331-8-статьясына ылайык баш тартуу канааттандырылгандан кийин сот арачылыкка талапкерлердин саны он сегизге жетпей калса, төрагалык кылуучу ушул Кодекстин 331-5-статьясынын биринчи бөлүгүндө белгиленген тартипте сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына сот арачылыкка талапкерлердин жетпеген санына кошумча тандоо жүргүзүү жөнүндө жарыялайт. (2) Кошумча тандоонун натыйжасында тандалып алынган сот арачылыкка талапкерлер ушул Кодекстин 331-7 жана 331-8-статьясында каралган жол-жоболордон өтөт. (3) Кошумча тандоо үчүн чакырылган сот арачылыкка талапкерлердин саны төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат. (4) Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына кошумча тандоо жарыяланган учурда ушул Кодекстин 331-5-статьясында каралган жол-жоболор аяктаганга чейин сот заседаниесине тыныгуу жарыяланат.

---

Мурунку берене: [331-9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-9)  
Кийинки берене: [331-11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331-11)
