# 330-статья. Жекече айыптоо иши боюнча судьянын соттук териштирүүнүн башталышына чейинки ыйгарым укуктары

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 330-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-330

---

(1) Берилген арыз ушул Кодекстин 329-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүнүн талаптарына жооп бербеген учурларда, судья арыз берген адамга далилдер келтирүүнү, кемчиликтерди жоюуну сунуш кылат жана бул үчүн мөөнөт белгилейт. Көрсөтмөлөр аткарылбаган учурда, судья өзүнүн токтому аркылуу арызды алуудан баш тартат жана бул жөнүндө арыз берген адамга маалымдайт. (2) Жекече айыптоочунун өтүнүчү боюнча судья далилдер чогултууга көмөк көрсөтүүгө тийиш. (3) Сот заседаниесин дайындоо үчүн негиздер болгондо, судья арыз сотко келип түшкөн учурдан тартып, жети суткага чейинки мөөнөттө, өзүнө карата арыз берилген адамды чакырууга, аны иштин материалдары менен тааныштырууга, берилген арыздын көчүрмөсүн тапшырууга жана соттолуучунун ушул Кодекстин 42-статьясында каралган сот заседаниесиндеги укуктарын түшүндүрүүгө жана ал адамдын ою боюнча жактоочу күбөлөр катары сотко кимдерди чакыруу зарыл экендигин айкындоого милдеттүү. (4) Судья тараптарга жарашуу мүмкүндүгүн түшүндүрөт. Алардан жарашуу жөнүндө арыздар түшкөн учурда, ушул Кодекстин 29-статьясынын негизинде иш жүргүзүү судьянын токтому боюнча токтотулат. (5) Эгерде тараптар ортосунда жарашууга жетишилбесе, судья ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүнүн талаптары аткарылгандан кийин ушул Кодекстин 247-статьясынын эрежелери боюнча ишти кароону дайындайт.

---

Мурунку берене: [329-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-329)  
Кийинки берене: [331-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-331)
