# 329-статья. Жекече айыптоо иштерин козгоо

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-329>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-329.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 329-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-329

---

(1) Жекече айыптоо иши адам тарабынан башка адамды жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сотко арыз берүү жолу менен козголот. (2) Арызда ал берилген соттун аталышы; кылмыш окуясынын баяндалышы, далилдерди, ал жасалган жерди жана убакытты көрсөтүү менен; ишти жүргүзүүгө алуу жөнүндө сотко кайрылган өтүнүү; жазык жоопкерчилигине тартылуучу адам жөнүндө маалыматтар; сотко чакыруу зарыл болгон күбөлөрдүн тизмеси камтылууга тийиш. Ага арыз берген адамдын колу коюлат. (3) Арыз жекече айыптоо иши козголуп жаткан адамдардын санына жараша көчүрмөлөрү менен сотко берилет. (4) Сот арызды өзүнө алган учурдан тартып, арыз берген адам жекече айыптоочу болуп саналат жана ага ушул Кодекстин 27 жана 50-статьяларында каралган укуктар түшүндүрүлүп берилүүгө тийиш. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-январындагы N 1-р чечими

---

Мурунку берене: [328-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-328-3)  
Кийинки берене: [330-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-330)
