# 328-2-статья. Жаза дайындоону соттук териштирүү жүргүзбөстөн жалпы тартипте дайындоо жөнүндө айыпкердин, соттолуучунун өтүнүч билдирүүсүнө байланыштуу соттун аракеттери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-328-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 328-2-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-328-2

---

(1) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган учурда сот, эгерде:

1) айыпкер өзүнө коюлган айыпты толук мойнуна алганын, өзү билдирген өтүнүчтүн мүнөзүн жана натыйжаларын аңдап түшүнгөндүгүн;

2) өтүнүч ыктыярдуу түрдө билдиргенин аныктап тактаса, жалпы тартипте сот териштирүүсүн жүргүзбөстөн өкүм чыгарат.

3) мамлекеттик же жеке айыптоочу, ошондой эле жабырлануучу айыпталуучунун өтүнүчүнө каршы болушпайт.

(2) Эгерде сот ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган шарттар айыпкер өтүнүч билдиргенде сакталбагандыгын аныктаса, анда ал жалпы тартипте соттук териштирүүнү дайындайт. Айыпкердин, соттолуучунун өтүнүчүн канааттандыруу же өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө сот жүйөлөштүрүлгөн токтом, аныктама чыгарат. (3) бир эле айыпкер, соттолуучу жазык иши боюнча өзүнө коюлган күнөөнү макул көрбөсө ушул статьянын талаптары жазык ишине таралбайт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [328-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-328-1)  
Кийинки берене: [328-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-328-3)
