# 328-1-статья. Өтүнүч билдирүү тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-328-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 328-1-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-328-1

---

(1) Чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыштар жөнүндө жазык иши боюнча коюлган айыптоого макулдугуна байланыштуу жалпы тартипте соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн жаза берүүнү дайындоо жөнүндө өтүнүчүн айыпкер жактоочунун катышуусу алдында билдирүүгө акылуу. Жашы жетпеген айыпкер, соттолуучу өтүнүчүн жактоочу менен кеңешкенден кийин анын катышуусу алдында билдирет. Эгерде жактоочу соттолуучунун өзү, анын өкүлү, мыйзамдуу өкүлү же алардын тапшыруусу боюнча башка адамдар тарабынан чакырылбаса мындай учурда жактоочунун катышуусун тергөө органы, сот камсыз кылууга тийиш. (2) Айыпкер өтүнүчүн:

1) жазык ишинин материалдары менен таанышкан учурда билдирүүгө акылуу, ал жөнүндө ушул Кодекстин 231-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө ылайык жазык ишинин материалдары менен таанышкандыгы жөнүндө протоколго тийиштүү жазуу жазылат;

2) ушул Кодекстин 280-статьясына ылайык сот заседаниесинин даярдык бөлүгүндө билдирүүгө акылуу.

(3) Сотко чейинки тездетилген өндүрүш тартибинде аяктаган жазык иштери ушул главанын эрежелерине ылайык каралат. (КР 2014-жылдын 15-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [328-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-328)  
Кийинки берене: [328-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-328-2)
