# 327-статья. Өкүмдү чыгаруу менен бир убакта сот тарабынан чечилүүчү маселелер

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920587..920588>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-327>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-327.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 327-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-327

---

(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдын жашы жете элек өспүрүм балдары, карыган ата-энеси, кароосуз калуучу башка багуусундагылары болсо, сот айыптоочу өкүмдү чыгаруу менен бир эле убакта көрсөтүлгөн адамдарды туугандарынын же башка адамдардын, болбосо уюмдардын камкордугуна же көздөөсүнө берүү жөнүндөгү, ал эми соттолгон адамдын кароосуз калуучу мүлкү жана турак-жайы болсо - аларды коргоо үчүн чаралар көрүү жөнүндөгү маселени чечет жана токтом чыгарат. (2) Жактоочу ишке дайындоо боюнча катышкан учурда, сот өкүм чыгаруу менен бир эле убакта адвокаттардын кесиптик уюмуна төлөнүүгө тийиш болгон акынын өлчөмү жөнүндө токтом чыгарат. (3) Ушул Кодекстин 19-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган негиздер болсо, сот аныктама, жеке аныктама чыгарат. (4) Ушул статьяда аталган бардык процесстик чечимдер сот заседаниесинин залында өкүм жарыялангандан кийин окуп берилүүгө тийиш. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [326-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-326)  
Кийинки берене: [328-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-328)
