# 325-статья. Соттолуучуну кайтарууда кармоодон бошотуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2015 года № 222 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111266)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920644..920645>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 325-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-325

---

(1) Соттолуучу акталганда, камакка алынган соттолуучу сот залында токтоосуз бошотулууга тийиш. Актаган өкүмдү чыгарган сот ошол эле учурда акталган адамга карата өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакка алуу менен байланышпаган бөгөт коюу чарасын тандайт. (2) Жаза дайындалбастан же жазаны өтөөдөн бошотуу, же шарттуу соттоо менен, же эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазага соттоо, же өндүрүш тарабынан жазык ишин токтотуу менен айыптоо өкүмү чыгарылганда камакка алынган соттолуучу сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бошотулууга тийиш. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 4-мартындагы N 3-р чечими

(КР 2015-жылдын 7-августундагы № 222 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [324-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-324)  
Кийинки берене: [326-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-326)
