# 320-статья. Айыптоочу өкүмдүн корутунду бөлүгү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-320>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-320.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 320-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-320

---

(1) Айыптоочу өкүмдүн корутунду бөлүгүндө:

1) соттолуучунун аты-жөнү;

2) соттолуучуну кылмыш жасоодо күнөөлүү деп табуу жөнүндөгү чечим;

3) жазык мыйзамынын соттолуучу күнөөлүү деп табылган статьясы;

4) соттолуучуга, жасагандыгы үчүн ал күнөөлүү деп табылган ар бир кылмыш үчүн белгиленген жазанын түрү жана өлчөмү; Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин статьяларынын негизинде өтөлүүгө тийиш болгон акыркы жаза-чарасы; эркиндигинен ажыратылууга соттолгон адам жазасын өтөөгө тийиш болгон абактын түрү;

5) шарттуу соттолгондогу сынак мөөнөтүнүн узактыгы жана соттолгонго жүктөлүүчү милдеттер;

6) атайын же аскердик наамдан ажыратуу тууралу чечим;

7) эгерде соттолуучу өкүм чыгарылганга чейин кармалса же ага карата камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулса же ал психиатриялык мекемеге жаткырылса, алдын ала камоо убактысын кошо эсептөө жөнүндөгү чечим;

8) өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин айыпкерге карата бөгөт коюу чарасы жөнүндөгү чечим көрсөтүлүүгө тийиш.

(2) Эгерде соттолуучуга жазык мыйзамынын бир нече статьясы боюнча айып коюлса, өкүмдүн корутунду бөлүгүндө соттолуучу алардын кайсылары боюнча акталгандыгы, кайсылары боюнча соттолгондугу так көрсөтүлүүгө тийиш. (3) Соттолуучу жазаны өтөөдөн бошотулган учурда же жаза белгиленбестен өкүм чыгарылса, бул жөнүндө өкүмдүн корутунду бөлүгүндө көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [319-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-319)  
Кийинки берене: [321-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-321)
