# 32-статья. Соттун ыйгарым укуктары

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2015 года № 222 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111266)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2015 [Закон КР от 7 августа 2015 года № 222 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111266); 11.07.2013 [Закон КР от 11 июля 2013 года № 129 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203937); 08.05.2012 [Закон КР от 8 мая 2012 года № 48 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203648); 16.11.2011 [Закон КР от 16 ноября 2011 года № 214 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203454); 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203192); 14.07.2008 [Закон КР от 14 июля 2008 года № 142 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202417); 14.07.2008 [Закон КР от 14 июля 2008 года № 143 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202354); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920644..920645>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 32-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-32

---

(1) Сот гана төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) адамды кылмыш жасагандыгы боюнча күнөөлүү деп табууга жана ага жаза дайындоого;

2) жазык сот өндүрүшү соттолуучунун күнөөлүү экендиги жөнүндө вердикт чыгарган сот арачыларынын катышуусу менен каралган учурда ишти жазык мыйзамдарынын ченеми боюнча квалификациялоого жана соттолуучуга жаза дайындоого;

3) соттолуучуну актоого;

4) адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонууга;

5) адамга тарбиялык таасир берүүчү мажбурлоочу чараларды колдонууга;

6) жекече аныктама чыгарууга.

(2) Сот гана, анын ичинде сотко чейинки өндүрүш жүрүшүндө, төмөнкүдөй чечим кабыл алууга укуктуу:

1) кайтарууга алуу, үйүндө камоо түрүндө бөгөт коюу чараларын тандап алуу тууралу;

2) камакта жана үй камагында кармоо мөөнөтүн узартуу жөнүндө;

3) кайтаруу алдында турбаган шектүүнү, айыпталуучуну тийиштүүлүгүнө жараша соттук-медициналык же соттук-психиатриалык экспертиза жүргүзүү үчүн медициналык же психиатриалык стационарга жайгаштыруу жөнүндө;

4) жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка катышуучуларга карата коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды колдонуу жөнүндө.

5) телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жазуу жөнүндө;

6) абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланышуулар тууралуу маалыматты алуу жөнүндө;

7) бийлик өкүлдөрүнүн менчикте же башка укукта турган турак жайга жана башка объекттерде тинтүүнү, алып коюуну, карап чыгууну жүргүзүшү, ага кириши жөнүндө;

8) шектүү адамды (айыпталуучуну) кармоонун, бийлик өкүлдөрүнүн менчикте же башка укукта турган турак жайга жана башка объекттерде тинтүүнү, алып коюуну, карап чыгууну жүргүзүшүнүн, ага киришинин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө.

(3) Сот сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө прокурордун, тергөөчүнүн жана алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдын аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды ушул Кодекстин 131-беренесинде каралган учурларда жана тартипте кароого укуктуу. (4) Соттун чечими иш боюнча жаңы чечим кабыл алууга укуктуу болгон жогору турган сот тарабынан гана жокко чыгарылышы же өзгөртүлүшү мүмкүн. (5) Сот жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароого укуктуу. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 2-июлундагы № 142, 2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 214, 2012-жылдын 8-майындагы № 48, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2014-жылдын 22-мартындагы № 52, 2015-жылдын 7-августундагы № 222 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 4-1-глава Сот арачылары

(Глава КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-31)  
Кийинки берене: [32-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-32-1)
