# 32-2-статья. Сот арачыларынын жазык сот өндүрүшүндөгү укуктары жана милдеттери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-32-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 32-2-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-32-2

---

(1) Сот арачылары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) иштин жагдайына өзүнүн ички ынанымы боюнча өз алдынча баа берүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн сотто каралып жаткан далилдерди изилдөөгө катышууга жана сот арачыларынын коллегиясынын алдына коюлган суроолорго жооп берүүгө;

2) төрагалык кылуучу улукка жазуу жүзүндө берилген суроолорду жазык процессинин катышуучуларына берүүгө;

3) заттык далилдерди, документтерди кароого, жерди жана жайларды кароо жүргүзүүгө, далилдерди изилдөө боюнча бардык башка аракеттерге катышууга;

4) төрагалык кылуучудан ишке жана ал үчүн түшүнүксүз башка суроолорго тиешелүү мыйзамдын ченемдерин түшүндүрүп берүүнү өтүнүүгө;

5) сот заседаниесинин учурунда жазуу жүзүндө белгилерди коюуга.

(2) Сот арачылары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сот заседаниесинин учурунда тартипти сактоого жана төрагалык кылуучунун мыйзамдуу буйруктарына баш ийүүгө;

2) эгерде тыныгуу жарыяланып же ишти угуу кийинкиге калтырылган болсо, сот заседаниесин улантуу үчүн сот көрсөткөн убакытта келүүгө;

3) ишти угуу учурунда соттун заседание залынан чыгып кетпөөгө;

4) каралып жаткан жазык ишинин жагдайлары боюнча соттун курамына кирбеген адамдар менен сүйлөшпөөгө;

5) ишти териштирүүнүн жүрүшүндө жана сот заседаниесинен тышкары иш боюнча маалыматтарды чогултпоого;

6) сот арачыларынын алдына коюлган суроолор боюнча кеңешүүнүн жана добуш берүүнүн жашыруундулугун бузбоого;

7) сот арачысынын соттун жабык заседаниесинин убагында аларга белгилүү болуп калган маалыматтарды, ошондой эле аларды тандоодо сот арачылары жөнүндө аларга белгилүү болуп калган фактыларды ачыкка чыгарбоого;

8) эгерде каралып жаткан жазык ишинде андай маалыматтар бар болсо, мамлекеттик жашыруун же мыйзам менен корголуучу башка сырдан турган маалыматтарды ачыкка чыгарбоого. Мындай учурда сот арачыларынан ачыкка чыгарбоо жөнүндө кол койдуруп алынат.

(3) Сот арачыларынын ушул статьяда каралган милдеттерди аткарбай коюшу төрагалык кылуучу тарабынан сот арачысын ишти кароого андан ары катышуудан четтетүүгө жана мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [32-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-32-1)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-33)
