# 319-статья. Айыптоочу өкүмдүн баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүгү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920587..920588>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-319.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 319-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-319

---

(1) Айыптоочу өкүмдүн баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүгү сот тарабынан далилденген деп таанылган кылмыштуу жосун, ал жасалган жер, убакыт, ыкма, күнөөлүүлүктүн түрлөрү, кылмыштын жүйөлөрү, максаттары жана кесепеттери көрсөтүлгөн баяндоону камтууга тийиш. Өкүмдө айыпкерге карата соттун тыянактары негизделген далилдер жана башка далилдерди сот четке каккан жүйөлөр келтирилет. Жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар, ал эми айыптоонун бир бөлүгү негизсиз деп табылганда же кылмышты квалификациялоонун туура эместиги белгиленгенде - айыптоону өзгөртүүнүн негизи жана жүйөлөрү көрсөтүлөт. (2) Сот жазык жазаны белгилөөгө, андан же аны чыныгы өтөөдөн бошотууга, таасир тийгизүүнүн башка чараларын колдонууга тийиштүү бардык маселелерди чечүүнүн жүйөлөрүн да келтирүүгө милдеттүү. (3) Баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүктө, ушул Кодекстин 312-статьясында көрсөтүлгөн маселелер боюнча кабыл алынган чечимдерди негиздөө камтылууга тийиш. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [318-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-318)  
Кийинки берене: [320-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-320)
