# 315-статья. Айыптоочу өкүм чыгаруунун негиздери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-315.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 315-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-315

---

(1) Айыптоочу өкүм, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө соттолуучунун кылмышты жасоодогу күнөөлүүлүгү изилденген далилдердин жыйындысы менен ырасталган шартта гана чыгарылат жана божомолдорго негизделүүгө тийиш эмес. (2) Соттолгон адам өтөөгө тийиш болгон жазаны белгилөө менен айыптоочу өкүм чыгарууда сот анын түрүн, өлчөмүн жана өтөө мөөнөтүн эсептөөнүн башталышын так аныктоого тийиш. (3) Эгерде өкүм чыгарылган учурга карай:

1) ошол өкүм менен соттолгон адамга белгиленген жазаны колдонуудан бошотуучу мунапыс актысы чыгарылса;

2) ошол иш боюнча соттолуучунун камакта болуу убактысы, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 61-статьясында белгиленген алдын ала камоону кошо эсептөө эрежелерин эске алганда, сот белгилеген жазанын мөөнөтүнө эсептелсе, сот жаза белгилөө жана аны өтөөдөн бошотуу менен айыптоочу өкүм чыгарат.

(4) Эгерде өкүм чыгарылган учурга карай:

1) адам коомго коркунуч келтирбей калса;

2) адам жазаны өтөөгө тоскоолдук кылуучу катуу ооруга чалдыкса;

3) ошол кылмыш үчүн адамды жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе, сот жаза белгилебестен, айыптоочу өкүм чыгарат.

---

Мурунку берене: [314-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-314)  
Кийинки берене: [316-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-316)
