# 313-статья. Соттолуучунун аракетке жөндөмдүүлүгү жөнүндөгү маселени чечүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-313>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-313.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 313-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-313

---

(1) Сот өкүм чыгарууда соттолуучунун аракетке жөндөмдүүлүгү жөнүндө маселени талкуулоого тийиш. (2) Соттолуучу жосунду жасаган убакта акыл-эси соо эмес абалда болгондугун же кылмыш жасагандан кийин, аны өзүнүн аракеттеринин иш жүзүндөгү мааниси, алардын зыяндуулугун аңдап билүү, же аларды башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан жин оорусу менен ооруп калгандыгын таануу менен сот жазык ишин кыскартуу жөнүндө жана ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу тууралу токтом чыгарат. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [312-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-312)  
Кийинки берене: [314-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-314)
