# 31-статья. Соттун курамы

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203192)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203192); 05.08.2008 [Закон КР от 5 августа 2008 года № 193 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202407); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920604..920608>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 31-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-31

---

(1) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жазык иштерин кошпогондо, биринчи инстанциядагы сотто жазык иштерин кароону сот жеке өзү жүзөгө ашырат. (2) Жазык иштерин сот арачыларынын катышуусу менен кароо ушул Кодекстин VIII бөлүмүнүн 31, 37-1-главаларынын эрежелери боюнча сот тарабынан жүзөгө ашырылат. (3) Жазык иштерин апелляциялык тартипте кароо үч судьянын курамындагы соттук коллегия тарабынан жүзөгө ашырылат. (4) Жазык иштерин кассациялык тартипте кароо областтык жана ага теңештирилген соттун үч судьянын курамындагы соттук коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. (5) Жазык иштерин көзөмөл тартибинде кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегия тарабынан үч судьядан турган курамда жүзөгө ашырылат. (6) Жазык иши үч судьядан турган курамдагы сот тарабынан каралганда ошол соттун төрагасынын же анын орунбасарынын тапшыруусу боюнча алардын бири төрагалык кылат. (7) (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 193 Мыйзамына ылайык алып салынды); (8) (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 193 Мыйзамына ылайык алып салынды); (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 5-августундагы № 193, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-32)
