# 305-статья. Тараптардын соттогу жарыш сөзүнүн мазмуну жана тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 305-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-305

---

(1) Соттук изилдөө аяктагандан кийин, сот тараптардын жарыш сөзүнө өтөт, ал айыптоочунун, жабырлануучунун же анын өкүлүнүн, жарандык доогердин жана жарандык жоопкердин же алардын өкүлдөрүнүн, соттолуучунун жана жактоочунун сөздөрүнөн турат. Соттогу жарыш сөзгө катышуучулардын чыгып сүйлөөлөрүнүн ырааттуулугу алардын сунуштары боюнча сот тарабынан белгиленет, бирок бардык учурларда мамлекеттик же жеке айыптоочу биринчи болуп сүйлөйт, ал соттук териштирүүнүн натыйжаларына таянуу менен айыпкердин күнөөлүүлүгү, ал жасаган жосунду квалификациялоо жөнүндө тыянакты негиздөөгө жана белгиленүүгө тийиш болгон жазалоо жөнүндө өз пикирин баяндоого тийиш же айыптоодон баш тартууга укуктуу. (2) Тараптардын жарыш сөзүнө катышкандар тараптардын сот заседаниесинде изилденбеген далилдерге таянууга укуксуз болушат, изилдөө үчүн сотко жаңы далилдер келтирүү зарыл болгондо, алар соттук териштирүүнү кайра жаңыртуу жөнүндө өтүнүч билдире алышат. (3) Сот тараптардын жарыш сөздөрүнүн узактыгын белгилүү бир убакыт менен чектей албайт, бирок төрагалык кылуучу, эгерде алар каралып жаткан ишке тиешеси жок жагдайларды козгошсо, жарыш сөзгө катышкан адамдарды токтотууга укуктуу. (4) Тараптардын жарыш сөзүнө катышуучулардын бардыгы сүйлөп бүткөндөн кийин алардын ар бири тараптардын өкүлдөрүнүн сөздөрүндөгү айтылгандарга карата пикирлери (кыстырмалары) менен дагы бир жолудан сүйлөп чыга алышат. Акыркы пикир айтуу укугу соттолуучуга же анын жактоочусуна таандык болот. (5) Тараптардын жарыш сөзүнө катышкандардын ар бири ушул Кодекстин 312-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечимдин өзү сунуш кылган чечилишин жазуу жүзүндө бере алат. Сунуш кылынган чечилиш сот үчүн милдеттүү күчкө ээ болбойт.

---

Мурунку берене: [304-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-304)  
Кийинки берене: [306-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-306)
