# 303-статья. Көрүп аныктоо

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 303-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-303

---

(1) Сот заседаниесинде көрүп аныктоо, ушул Кодекстин 180-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган учурларда судьянын токтому боюнча жүргүзүлөт. (2) Чечинтүү менен коштолгон көрүп аныктоо врач же башка адис тарабынан өзүнчө жайда жүргүзүлөт, ал көрүп аныктоо аяктагандан кийин көрүп аныктоо актысын түзөт жана ага кол коет. Андан кийин көрсөтүлгөн адамдар сот заседаниесине кайра келишет, анда алар тараптардын жана көрүп аныкталган адамдын катышуусу алдында, эгер алар табылса, көрүп аныкталган адамдын денесиндеги тактар жана белгилер тууралу сотко билдиришет, тараптардын жана төрагалык кылуучунун суроолоруна жооп беришет. Көрүп аныктоо актысы ишке тиркелет.

---

Мурунку берене: [302-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-302)  
Кийинки берене: [304-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-304)
