# 3-статья. Жазык-процесстик мыйзамынын колдонулуш чектери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 3-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-3

---

(1) Жазыктык сот иши тергөө жана соттук териштирүү иши жүргүзүлүп жаткан учурда колдонулган мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат. (2) Кыргыз Республикасынын аймагында жазыктык сот ишин жүргүзүү кылмыш жасалган жерге карабастан, бардык учурларда ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт. (3) Эгерде өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө чет мамлекеттер менен түзүлгөн эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча сот иши Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Кодекстин ченемдерине ылайык жүргүзүлөт. (4) Эгерде мунун өзү аталган мамлекет менен түзүлгөн эл аралык келишимде каралса, айрым тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө башка мамлекеттин сотторунун же тергөө органдарынын тапшырмаларын аткарууда, ушул органдардын өтүнүчү боюнча чет мамлекеттин Жазык-процесстик мыйзамы колдонулушу мүмкүн. (5) Дипломатиялык кол тийгистик укугуна ээ болгон адамдарга карата ушул Кодексте каралган процесстик аракеттер алардын өтүнүчү же алардын макулдугу боюнча гана жүргүзүлөт. Бул аракеттерге макулдук берүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу суралып алынат. (6) Процесстин катышуучуларына жаңы милдеттерди жүктөгөн, тикелей же кыйыр түрдө укуктарын жокко чыгарган же аларды төмөндөткөн, аларды пайдаланууну кошумча шарттар менен чектеген Жазык-процесстик мыйзамы өткөн мезгилге карата колдонулбайт. (7) Далилдерге жол берүү алар алынган учурда колдонулган мыйзамга ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-4)
