# 294-статья. Жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтүүлөрүн жарыялоо

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 294-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-294

---

(1) Сотто жабырлануучунун жана күбөнүн тергөөнүн жүрүшүндө берген көрсөтүүлөрүн жарыялоого, ошондой эле алардын көрсөтүүлөрүнүн үн жазууларын, сурактын көргөзмө жазууларын же киного тартылгандарын кайталоого тараптардын өтүнүчү боюнча төмөндөгүдөй учурларда:

1) мындай көрсөтүүлөр менен сотто берилген көрсөтүүлөрдүн ортосунда олуттуу карама-каршылыктар болгондо;

2) анын сотко келүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган себептер боюнча сот заседаниесине жабырлануучу же күбө катышпаганда;

3) алар көрсөтүүлөр берүүдөн баш тартканда жол берилет.

(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн эрежелер жабырлануучунун жана күбөнүн сотто мурда берген көрсөтүүлөрүн жарыялоо учурларына да тиешелүү болот. (3) Сот заседаниесинде сот тарабынан ушул Кодекстин 285-статьясынын экинчи бөлүгүнө ылайык суралган жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтүүлөрү да жарыяланышы мүмкүн. (4) Жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтүүлөрүнүн үн жазуулары, аларды суракка алуунун көргөзмө жазуулары жана киного тартылгандары ушул Кодекстин 289-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө белгиленген эрежелер боюнча кайталанышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [293-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-293)  
Кийинки берене: [295-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-295)
