# 293-статья. Жашы жетпеген жабырлануучуну жана күбөнү суракка алуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-293>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-293.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 293-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-293

---

(1) Он төрт жашка чейинки жабырлануучуну жана күбөнү суракка алууда, ал эми соттун кароосу боюнча - он төрттөн он алты жашка чейинкилерди суракка алууда да педагог чакыртылат. Зарыл учурда ата-энелер же жашы жетпегендин башка мыйзамдуу өкүлдөрү чакыртылат. Көрсөтүлгөн адамдар төрагалык кылуучунун уруксаты менен жабырлануучуга жана күбөгө суроолор бере алышат. (2) Он алты жашка чыга элек жабырлануучуну жана күбөнү суракка алуунун алдында төрагалык кылуучу аларга толук жана туура көрсөтүүлөрдүн иш үчүн маанилүүлүгүн түшүндүрөт. Көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тартуу үчүн жана атайылап жалган көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жоопкерчилик жөнүндө аларга эскертилбейт жана алардан колкат алынбайт. (3) Тараптардын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси боюнча жашы жетпеген жабырлануучуну жана күбөнү суракка алуу соттолуучунун катышуусуз өткөрүлүшү мүмкүн, сот бул жөнүндө токтом чыгарат. Соттолуучу сот заседаниесинин залына кайра алынып келгенден кийин ага булардын берген көрсөтүүлөрү окулуп берилүүгө жана аларга суроолор берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүгө тийиш. (4) Он алты жашка чыга элек жабырлануучу жана күбө, сот алардын андан ары катышуусун зарыл деп тапкандан башка учурларда, алар суралып бүткөндөн кийин сот заседаниесинин залынан чыгарылышат.

---

Мурунку берене: [292-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-292)  
Кийинки берене: [294-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-294)
