# 291-статья. Күбөлөрдү суракка алуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 193 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202407)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.08.2008 [Закон КР от 5 августа 2008 года № 193 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202407); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920602..920603>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 291-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-291

---

(1) Күбөлөр бөлөк-бөлөк жана сурала элек күбөлөр жокто суракка алынат. (2) Төрагалык кылуучу сурактын алдында күбөнүн инсандыгын аныктайт, анын соттолуучуга жана жабырлануучуга карата мамилесин айкындайт, иш боюнча туура көрсөтүүлөрдү берүү жагындагы жарандык парзды жана милдетти, ошондой эле көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тартуу жана атайылап жалган көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жоопкерчиликти түшүндүрөт. Мыйзам боюнча көрсөтүүлөрдү берүү милдетинен бошотулган адамдарга, атайылап жалган көрсөтүүлөрдү берүү үчүн гана жоопкерчилиги түшүндүрүлөт. Күбөдөн, ага милдеттери жана жоопкерчилиги түшүндүрүлгөндүгү жөнүндө колкат алынат. Колкат сот заседаниесинин протоколуна тиркелет. (3) Күбөнү прокурор, жабырлануучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер жана алардын өкүлдөрү, соттолуучу жана анын жактоочусу суракка алат. Бул күбөгө биринчи болуп, аны сот заседаниесине өтүнүч билдирип чакыртып алган тарап суроолор берет. (4) Төрагалык кылуучу багыттама суроолорду жана ишке тиешеси жок суроолорду четке кагат, күбөнүн көрсөтүүлөрүн, аны тараптар сурап бүткөндөн кийин тактайт. Андан кийин төрагалык кылуучу күбөгө суроо бере алат. (5) Суралган күбөлөр сот заседаниесинин залында калышат жана соттун уруксатысыз жана тараптардын макулдугусуз соттук териштирүү бүткөнгө чейин андан чыгып кете алышпайт. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2008-жылдын 5-августундагы № 193 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [290-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-290)  
Кийинки берене: [292-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-292)
