# 288-статья. Соттолуучуну суракка алуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 193 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202407)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.08.2008 [Закон КР от 5 августа 2008 года № 193 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202407); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920602..920603>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 288-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-288

---

(1) Соттолуучуну суракка алуунун алдында төрагалык кылуучу ага коюлган айып жана иштин башка жагдайлары боюнча көрсөтүү берүү же бербөө укугун жана ал айткандын бардыгы ага каршы пайдаланылышы мүмкүн экендигин түшүндүрөт. Соттолуучу биринчи болуп көрсөтүү берүүгө макул болгондо, аны жактоочу жана процесстин актоо тарабындагы катышуучулары, андан кийин мамлекеттик айыптоочу жана процесстин айыптоочу тарабындагы катышуучулары суракка алышат. Төрагалык кылуучу багыттама суроолорду жана ишке тиешеси жок суроолорду четке кагат. (2) Тараптар сурагандан кийин, төрагалык кылуучу соттолуучуга суроолор берет, бирок жактоочу суроолор аны суракка алуунун кайсы учурунда болбосун берилиши мүмкүн. (3) Эгерде соттолуучу өзүн күнөөлүү экендигин толук мойнуна алса жана коюлган айып боюнча эркин аңгеме түрүндө көрсөтүү берүүнү кааласа, анын көрсөтүүлөрүн ишке тиешеси болбогондон башка учурларда, сот анын сөзүн бөлбөй угат. (4) Соттолуучуну башка соттолуучу жокто суракка алууга соттун демилгеси же тараптардын өтүнүчү боюнча жол берилет, бул жөнүндө сот аныктама (токтом) чыгарат. Мындай учурда соттолуучу сот заседаниесинин залына кайра келгенден кийин төрагалык кылуучу ага ал жокто берилген көрсөтүүлөрдүн мазмунун билдирет жана ага ал жокто суралган соттолуучуга суроолор берүүгө мүмкүнчүлүк берет. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2008-жылдын 5-августундагы № 193 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [287-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-287)  
Кийинки берене: [289-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-289)
