# 285-статья. Ишке катышкан адамдардын кимдир-бирөөсү жокто ишти териштирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү маселени чечүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-285>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-285.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 285-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-285

---

(1) Сот процессинин катышуучуларынын кимдир-бирөө, ошого тете күбө, эксперт же адис келбей калганда, сот ишти териштирүү жөнүндө тараптардын ой-пикирин угат жана териштирүүнү улантуу жөнүндө же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө токтом чыгарат. (2) Териштирүүнү кийинкиге калтыруу жөнүндө маселени чечкенге чейин сот келген күбөлөрдү, экспертти же адисти, жабырлануучуну, жарандык доогерди, жарандык жоопкерди жана алардын өкүлдөрүн суракка алып, андан кийин ишти териштирүүнү кийинкиге калтыруу жөнүндө токтом чыгара алат. Эгерде мына ошондон кийин иш соттун ошол эле курамында карала турган болсо, суралган адамдарды сот заседаниесине кайталап чакыруу зарыл учурларда гана жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [284-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-284)  
Кийинки берене: [286-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-286)
