# 28-статья. Жазыктык сот ишин жүргүзүүнү жокко чыгаруучу жагдайлар

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 августа 2018 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об общих принципах помилования")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111816)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2018 [Закон КР от 4 августа 2018 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об общих принципах помилования")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111816); 16.02.2015 [Закон КР от 16 февраля 2015 года № 33 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205454); 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 141 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203381); 19.07.2006 [Закон КР от 19 июля 2006 года № 123 "О внесении дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1914); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510); 28.06.2001 [Закон КР от 28 июня 2001 года №62 " О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920642..920643>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 28-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-28

---

(1) Төмөндөгү жагдайларда:

1) кылмыш окуясы болбогондо;

2) жосунда кылмыштын курамы болбогондо;

3) жазык мыйзамынан алып караганда зыян келтирген жосун укукка ылайык келгенде (коргонуу зарылдыгы, аргасыз зарылдык, кылмыш жасаган адамдарды кармоодо зыян келтирүү, буйрукту же башка тескөөнү аткаруу, негиздүү тобокелчилик);

4) ушул Кодексте каралган учурларда жабырлануучу даттануу менен кайрылбаганда;

5) ошол эле айыптоо боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү же жазык куугунтугу мүмкүн эместигин көрсөткөн соттун бузула элек чечими чыккан адамга карата;

6) ошол эле жосун боюнча ишти кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун бузулбаган токтому чыккан адамга карата;

7) жазыктык сот ишин жүргүзүүнү ишке ашырган учурда өлгөн адамга карата, өлгөн адамды реабилитациялоо же башка жактарга карата ишти тергөө үчүн иш жүргүзүү боюнча зарыл болгон учурлардан тышкары;

8) кылмышты аягына чыгаруудан ыктыярдуу баш тарткан адамга карата;

9) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин Өзгөчө бөлүгүнүн жоболоруна байланыштуу жазык жоопкерчилигинен бошотулууга тийиш болгон адамга карата;

10) эгерде мунапыс жасалган жосун үчүн жаза колдонууну четтетсе, мунапыс актысынан улам;

11) эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен;

12) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 66-статьясына ылайык жабыр тартуучу жеке жана жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жана (же) айыпталуучу жабыр тартуучу менен макулдашууга жетишкенде;

13) прокурор жаран (адам) жабырлануучу болуп саналбаган иш боюнча жеке - ачык айыптоону колдоодон баш тартканда;

14) жабырлануучу жана прокурор ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жазык иши козголушу мумкун эмес, ал эми козголгон жазык иши кыскартылат.

(2) Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар соттук териштирүү маалында табылса, сот ишти териштирүүнү акырына чейин жеткирип, актоо өкүмүн чыгарат. (3) Эгерде айыпкер буга каршы болсо, ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 10 жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт. Мындай болгон учурда иш боюнча соттук кароо улантыла берет жана буга негиз болгон учурда соттолгон адамды жазадан бошоткон айыптоо өкүмүн чыгаруу менен аяктайт. (4) Эгерде адам кылмыш жасаса, ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 12-пунктунда көрсөтүлгөн негиз боюнча ишти токтотууга жол берилбейт:

1) уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында же мурда ушундай кылмыштар үчүн соттолгон болсо;

2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-статьясынын үчүнчү-бешинчи бөлүктөрүндө каралган алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалында болсо;

3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган.

4) жашы жете электин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасалса.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-мартындагы N 22-р чечими

(КР 2001-жылдын 28-июнундагы № 62, 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2006-жылдын 19-июлундагы № 123, 2008-жылдын 18-июлундагы № 144, 2011-жылдын 26-июлундагы № 141, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2015-жылдын 16-февралындагы № 33, 2018-жылдын 4-августундагы N 84 Мыйзымынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-29)
