# 278-статья. Соттолуучунун инсандыгын аныктоо жана ага айыптоо корутундусунун көчүрмөсүн өз убагында тапшыруу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 ноября 2014 года № 155 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205376)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920640..920641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-278>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-278.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 278-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-278

---

(1) Төрагалык кылуучу соттолуучунун инсандыгын аныктайт, анын фамилиясын, аты-жөнүн, жаш курагын, туулган жерин, жашаган жерин, иштеген ишин жана анын инсандыгы жөнүндөгү башка маалыматтарды белгилейт. (2) Төрагалык кылуучу соттолуучудан айыптоо корутундусунун көчүрмөсү ага берилгендигин жана качан берилгендигин сурайт. (3) Айыптоо корутундусунун көчүрмөсү берилбеген учурда ишти териштирүү кийинкиге калтырылууга тийиш, ал эми прокурор айыптоо корутундусунун көчүрмөсүн айыпкерге токтоосуз берүү үчүн чараларды көрөт. Мындай учурда ишти териштирүү көрсөтүлгөн документ берилген учурдан тартып үч суткадан эрте башталууга тийиш эмес. (КР 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [277-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-277)  
Кийинки берене: [279-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-279)
