# 269-статья. Сот заседаниесинин иш тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-269>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-269.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 269-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-269

---

(1) Соттук териштирүү соттун кадимкидей иштөөсүн жана процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылган шарттарда өтөт. (2) Судья киргенде сот заседаниесинин залындагы болгондордун баары орундарынан турушат. (3) Соттук териштирүүнүн бардык катышуучулары төрагалык кылуучуга кайрылганда, көрсөтүүлөрдү бергенде жана билдирүүлөрдү жасаганда ордунан турат. Мындай эрежелерден четтөөгө төрагалык кылуучунун уруксаты менен жол берилиши мүмкүн. (4) Соттук териштирүүнүн бардык катышуучулары, ошого тете сот заседаниесинин залында болгондордун бардыгы төрагалык кылуучунун сот заседаниесинде тартипти сактоо жөнүндөгү буйруктарына баш ийүүгө тийиш. Алкоголдук мас абалындагы же баңги же уулуу каражаттарды пайдалануудан келип чыккан абалда болгон адамдар сот залына киргизилбейт.

---

Мурунку берене: [268-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-268)  
Кийинки берене: [270-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-270)
